Улуттук коргоо министри : "Түркия террор менен күрөшүүдө жалгыз калды"

Хулуси Акар менен башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Яшар Гүлер Эл аралык аскердик статусуна жеткен Деңиз коопсуздугунун мыкты командирлигинин ачылуу аземинде сөз сүйлөдү.

1656053
Улуттук коргоо министри : "Түркия террор менен күрөшүүдө жалгыз калды"

 Улуттук коргоо министри Хулуси Акар НАТО союздаштарынын дүйнөнүн бир топ аймагында террордук уюмдарга каршы чечкиндүүлүк менен күрөшүп жаткандыгына карабастан ПКК/ЙПГ террордук уюмга каршы чечкиндүүлүктү көрсөтпөгөндүгүн белгиледи.

Хулуси Акар менен башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Яшар Гүлер Эл аралык аскердик статусуна жеткен Деңиз коопсуздугунун мыкты командирлигинин ачылуу аземинде сөз сүйлөдү.  

Түркиянын улуттук коопсуздугун жана аймактык ырааттуулугуна коркунуч жараткан ПКК/ЙПГ жана террордук уюм ДЕАШтын Сириянын түндүгүндөгү кыймылдарына каршы бирдикте күрөшүү үчүн союздаштарына көптөгөн жолу чакыруу салгандыгын баса белгилеген Акар : «Көптөгөн жолу НАТО союздаштарыбызга Сирияда коопсуз аймактын түзүлүшүн сунуш кылдык жана бирдикте айрым пландар боюнча макулдаштык. Бирок бул макулдашуулар орундатылган жок.  Түркия террор менен күрөшүүдө жалгыз калды»,- деди.

Түркиянын Сирия калкынын кыйынчылыктарын жеңилдетүү үчүн эң чоң жүктү ташыган НАТО өлкөсү экендигин, түрк куралдуу күчтөрүнүн да ДЕАШ менен күрөшкөн жалгыз НАТО армиясы экендигин белгилеген Акар : «Күтүүбүз террор менен күрөшүү тууралуу союздаштарыбыздын биз менен бирдикте кыймыл кылуусу, Түркиянын олуттуу коопсуздук маселелерин бирдикте чечүү жолдорун издөөгө   жана жаныбызда турушу. Бардык коңшуларыбыздын чек араларына, жеринин бүтүндүгүнө жана эгемендигине сый көрсөтөбүз. Эч кимдин укугуна, жерине кызыкпайбыз. Террор менен күрөшөбүз, күрөшүбүз террор менен»,- деди.



Тектеш кабарлар