Сиирт облусунун Первари районунда ПКК террористтери кол салышты

Кол салууда 1 коопсуздук коргоочусу шейит болуп, 1 коопсуздук коргоочусу жаракат алды.

1655060
Сиирт облусунун Первари районунда ПКК террористтери кол салышты

Сиирт облусунун Первари районунда ПКК террористтеринин узун аралыкка атуучу куралдар менен кол салуусунун натыйжасында 1 коопсуздук коргоочусу шейит болуп, 1 коопсуздук коргоочусу жаракат алды.

Сиирт губернаторлугунан берилген маалыматка караганда Первари райондук жандармерия командирлигинин жоопкерчилиги астындагы Доган айылындагы Дегирменташы базасына ПККнын террористтери узун аралыкка атуучу куралдар менен кол салды.

Кол салууда базада кызмат кылган коргоочу Мехмет Бабат шейит болуп, бир коопсуздук коргоочусу Сыддык Булут да жаракат алды.

Шейит болгон Бабаттын жаназасы  менен жаракат алган коргоочу Булут Сиирт билим берүү жана изилдөө ооруканасына алып барылды.

Аймакта террористтерге карата операция улантылууда.

 



Тектеш кабарлар