Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Акыркы 24 саатта вирустан 86 киши көз жумду.

1654291
Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 86 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 48 миң 341 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 225 миң 527 тест жасалып, 557 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 6 миң 609 болду.

Дарылануусу бүтүп айыккан 5 миң 836 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 5 миллион 173 миң 186га жогорулады.


Этикеткалар: #Ковид-19 , #Түркияда

Тектеш кабарлар