Шентоп ЕКПАдагы Украина делегациясынын башчысын кабыл алды

Шентоп Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын (ЕКПА) Украиналык делегациясынын башчысы Мария Мезенцеваны жана аны коштогон делегацияны кеңсесинде кабыл алды.

1654299
Шентоп ЕКПАдагы Украина делегациясынын башчысын кабыл алды

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) төрагасы Мустафа Шентоп, аймактык бүтүндүгү кепилденген заманбап жана гүлдөгөн Украинанын көз карашын Түркия ар дайым колдоп келгендигин айтты.

Шентоп Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын (ЕКПА) Украиналык делегациясынын башчысы Мария Мезенцеваны жана аны коштогон делегацияны кеңсесинде кабыл алды.

Шентоп эки өлкөнүн ортосундагы «сен пайда тап-мен да пайда табайын» принцибинин негизинде жүрүп жаткан карым-катнаштардын коргонуу өнөр жайынан билим берүү тармагына чейин, туризмден саламаттык сактоо тармагына чейин кеңири алкакка ээ экендигин айтты.

Шентоп: «Украинанын жакын досу жана стратегиялык өнөктөшү катары биз ар дайым аймактык бүтүндүгү кепилденген заманбап жана гүлдөп өнүккөн Украинанын көз карашын колдоп келгенбиз. Бүгүнкү күндө биз украин бийлигинин жана Украина элинин бул багыттагы аракеттерине баа беребиз. Түркия катары, биз Украинанын, анын ичинде Крымдын аймактык бүтүндүгүн, айрыкча Бириккен Улуттар Уюму баш болгон эл аралык платформаларда билдирүүнү улантабыз»,-деп айтты.

Шентоп, Крым татарларынын жергиликтүү калкынын статусун кабыл алуу менен Крым Татар Жыйынынын статусу боюнча мыйзам чыгаруу ишине маани беришкендиктерин билдирди.

«Крым татарларынын эң негизги күткөнү - бул эмгектер парламентке (Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясына) сунуш кылынганда, керектүү колдоо табуу менен күчүнө кириши»,-деди ал.

Мезенцева болсо Түркия Улуу Улуттук Жыйыны тууралуу: «Сиз укмуштай чыдамкайсыз, демократиялуусуз. Бул жерде чыккан эркин идеяларды колдоп, алдыга умтуласыздар»,деген сөз айкашын колдонгон.

ЕКПАнын жана Украина-Түркия достук тобунун алкагындагы карым-катнаштар буга чейин өтө жемиштүү натыйжаларды бере баштаганын белгилеп, Мезенцева эки өлкөнүн ортосундагы билим берүү жана маданий иш-чараларды күчөтүүнү каалагандыктарын белгиледи.



Тектеш кабарлар