Президент Р. Т. Эрдоган Садыр Жапаровду расмий азем менен тосуп алды

Эрдоган менен Жапаров расмий азем өткөрүлө турган аянтка келгенден кийин эки өлкөнүн гимни аткарылып, 21 замбирек огу атылды.

1654825
Президент Р. Т. Эрдоган Садыр Жапаровду расмий азем менен тосуп алды

Президент Р. Т. Эрдоган Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду расмий азем менен тосуп алды.

Жапаров отурган кызматтык унааны президенттик комплекстин алдындагы проспектиде тосуп алган атчандар кире бериш дарбазага чейин коштоп барды.

Нөшөрлөп жааган жамгырда Президент Эрдоган Жапаровду кире бериш дарбазасынан тосуп алды.

Эрдоган менен Жапаров расмий азем өткөрүлө турган аянтка келгенден кийин эки өлкөнүн гимни аткарылып, 21 замбирек огу атылды.

Жапаров  аскерлерге «Мерхаба аскер» деп салам берди. Аземде тарыхта курулган 16 түрк мамлекетинин байрактары менен аскерлери да орун алды. Андан кийин бири бирине делегацияларын таныштырган Эрдоган менен Жапаров тепкичтерде Түркия менен Кыргызстан байрактарынын алдында журналисттер үчүн сүрөткө түшүтү.

Жекеме  - жеке сүйлөшүүлөргө өтүлдү

Аземге вице  - президент Фуат Октай, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, казына жана финансы министри Лүтфи Элван менен маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, соода министри Мехмет Муш, коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун жана президенттиктин катчысы Ибрахим Калын да катышты.

Жапаровду коштогон жогору деңгээлдеги делегацияда болсо министрлер менен аскердик жетекчилер орун алды. Аземден кийин Эрдоган менен Жапаров жекеме  - жеке сүйлөшүүгө өтүштү.



Тектеш кабарлар