Чавушоглу марокколук кесиптеши менен видео аркылуу жолугушту

Жолугушуунун жүрүшүндө туризм тармагында кызматташуу үчүн коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) каршы вакцина сертификаттарын өз ара таануу чечими кабыл алынды.

1654298
Чавушоглу марокколук кесиптеши менен видео аркылуу жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Марокконун тышкы иштер министри Насер Бурита менен видео конференция аркылуу жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө туризм тармагында кызматташуу үчүн коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) каршы вакцина сертификаттарын өз ара таануу чечими кабыл алынды.

Министр Чавушоглу жолугушуудан кийин социалдык медиа эсебинен билдирүү жасап,  «Биз Бурита менен видео конференция аркылуу сүйлөштүк. Саясий консультацияларды жандандырабыз. Регионалдык жана эл аралык маселелер боюнча кызматташтыкты арттырабыз. Быйыл KEK жыйынын жана Бизнес форумду өткөрөбүз. Эмдөө сертификаттарын өз ара таанууну чечтик»,-деп айтты.

Түркия буга чейин Сербия, Венгрия, Болгария жана акыры Греция менен эмдөө сертификаты боюнча келишим түзгөн.



Тектеш кабарлар