"Амасра - 1" кудугунан чыгарылган газ энергияга айланды

«Амасра- 1» кудугунан чыккан жаратылыш газ менен жалпы газ запасы 540 миллиард метр кубга жетти.

1654608
"Амасра - 1" кудугунан чыгарылган газ энергияга айланды

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез Түркиянын Кара деңиздеги экинчи ачылышы болгон «Амасра  - 1» кудугунан чыгарылган жаратылыш газдын күйгүзүлүү менен инженерлердин колунда энергияга айлангандыгын белгиледи.

Дөнмез твиттер эсебинен газдын лаборатория чөйрөсүндө инженерлер тарабынан биринчи жолу күйгүзүлгөндүгүнө байланыштуу видеолорду бөлүшүп : «Кара деңиздеги экинчи ачылыш «Амасра- 1» кудугунан чыккан жаратылыш газ инженерлерибиздин колунда энергияга айланды. Ачылышыбыздын оту Түркиябыздын түнүн дагы жарык, кышын дагы ысык, өнөр жайын дагы күчтүү кылат»,- деди.

Президент Р. Т. Эрдоган өткөн жумада «Фатих» бургулоо кемесинин Кара деңиздеги Түндүк Сакаря газ аянтында табылган «Амасра-1» кудугунда 135 миллиард метр кубдук жаңы запастардын табыландыгын билдирген.

Бул ачылуу менен Түркиянын Кара деңизде ачкан жалпы газ запасы 540 миллиард метр кубга жетти.

 



Тектеш кабарлар