Түркия Азербайжанда 2 кесиптик окуу жайын ачат

Азербайжан Улуттук парламенти Түркия менен Азербайжандын ортосунда кесиптик билим берүү  тармагында кызматташуу протоколуна кол койду.

1654071
Түркия Азербайжанда 2 кесиптик окуу жайын ачат

Азербайжан Улуттук парламенти Түркия менен Азербайжандын ортосунда кесиптик билим берүү  тармагында кызматташуу протоколуна кол койду.

Анкарада 2021 -  жылы 19 -  февралда болгон Түркия  -  Азербайжан 9 -  Биргелешкен Экономикалык Комиссиясы КЭКтин жыйынында эки өлкөнүн билим берүү министрлиги тарабынан кол коюлган протокол  боюнча Азербайжанда Түркия республикасынын билим берүү министрлигинин колдоосу менен эки кесиптик окуу жайы курулат.

Кесиптик окуу жайларынын имараттары, комплекстери жана башка материалдык каражаттары Азербайжан тарабына таандык болуп, түрк тарабы менен биргеликте башкарылат.

Кесиптик окуу жайларынын класс, окуучу, өндүрүш жана лаборатория саны, программасы, окуу куралдары, жумалык сабак программаларынын графиктери Түркиядагы кесиптик билим берүү тажрыйбасынын негизинде жана тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча аныкталат.

Окуучуларды кабыл алуу критерийлери эки тарап тарабынан аныкталат.

Бул окуу жайларды аяктаган окуучуларга Түркия жана Азербайжан дипломдору берилет.

Окуу жайларда иштей турган түрк кызматкерлеринин эмгек акысы Түркия тарабынан, ал эми Азербайжан кызматкерлеринин эмгек акысы Азербайжан тарабынан төлөнөт.



Тектеш кабарлар