Шырнакта "Эрен - 13" операциясы жүргүзүлдү
Операцияда 6 террорист жок кылынды.
Сирияда "Евфрат калканы" жана "Тынчтык булагы" аймактарында ПКК/ЙПГнин 6 террористти жок кылынды.
Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта : "Террорго жана террористке мүмкүнчүлүк берилбейт. Тынчтыктын жана коопсуздуктун кепилдиги болгон десанттарыбыз "Евфрат калканы" аймагында 2, "Тынчтык булагы" аймагында 4 жалпы 6 ПКК/ЙПГ террористтин жок кылды",- деп билдирилди.
Ички иштер министрлигинен берилген маалыматта да "Эрен - 13" операциясынын негизинде Шырнакта Жуди тоосунун Тушимия өрөөнүндө десанттык бөлүктөр тарабынан жүргүзүлгөн операцияда кагылышуу чыгып 1 террористтин куралы менен жок кылынгандыгы билдирилген. Маалыматта аймакта операциянын улантылып жаткандыгы белгиленди.
Ошол эле учурда ички иштер министрлиги башка бир билдирүүсүндө "Эрен - 1" операциясынын негизинде Ван - Башкале элетинде жок кылынган 3 террористтин бирөөсүнүн террордон изделгендер тизмесинде боз категорияда орун алган ПККнын Башкале жооптуусу "Агит" каймана аттуу Гөкхан Демир экендигин белгиледи.
Тектеш кабарлар
Тышкы иштердин «Түрк дипломатиялык архив документтеринде улуттук күрөш дипломатиябыз» басылмасы
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги, X социалдык медиа эсебиндеги бөлүшүүсүндө маалымат берди.