Түркиянын жээк сууларында качкындар куткарылды

Резина кайыктагы 17 адам жээкке чыгарылды.

1652067
Түркиянын жээк сууларында качкындар куткарылды

Чанаккаленин Айважык районунун жээгинде грек элементтери тарабынан Түркиянын аймактык сууларына түртүлгөн 17 мыйзамсыз мигрант куткарылды.

Жээк коопсуздугу командирлигинин веб-сайтындагы билдирүүгө караганда, Айважыктын Бадемли жээгинде резина кайыкта бир топ мыйзамсыз мигранттардын болгондугу тууралуу маалыматтын негизинде аймакка Жээк коопсуздугу кызматынын катери жөнөтүлдү.

Грек элементтери тарабынан Түркиянын аймактык сууларына түртүлгөндүгү аныкталган резина кайыктагы 17 адам жээкке чыгарылды.

Мыйзамсыз мигранттар текшерүүдөн өткөндөн кийин Айважыктагы Чет элдиктерди кайра кайтаруу борборунун жетекчилерине өткөрүлүп берилди.



Тектеш кабарлар