Түркияда көпкө созулган күрөштөн кийин коронавирустан каза болгондордун саны 100дүн астына түштү

Акыркы 24 саатта вирустан 92 киши көз жумду.

1652385
Түркияда көпкө созулган күрөштөн кийин коронавирустан каза болгондордун саны 100дүн астына түштү

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 92 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 48 миң 62 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 216 миң 156 тест жасалып, 542 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 6 миң 126 болду.

Дарылануусу бүтүп айыккан 7 миң 161 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 5 миллион 154 миң 771ге жогорулады.


Этикеткалар: #Ковид-19 , #Түркияда

Тектеш кабарлар