Дөнмез: «Филёстогу жаратылыш газы 2023-жылы колдонууга берилет»

Дөңмез, Зонгулдакта Филёс портунун ачылышы жана жаратылыш газын иштетүүчү жайлардын пайдубалын түптөө аземинде сөз сүйлөдү.

1652003
Дөнмез: «Филёстогу жаратылыш газы 2023-жылы колдонууга берилет»

Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез, Кара деңиз газы кургактыкка чыга турган биринчи пункт болгон Филёстогу табигый газды кайра иштетүүчү жайдын курулушу үчүн биринчи кадам ташталганын жана газдын (Түркия Республикасынын 100 жылдыгы) 2023-жылы ишке бериле тургандыгын билдирди.

Зонгулдакта Филёс портунун ачылышы жана жаратылыш газын иштетүүчү жайлардын пайдубалын түптөө аземинде сүйлөгөн сөзүндө Дөңмез, Түркиянын көмүр суутегин издөө жана өндүрүүдө чечкиндүүлүгүнүн уланып жаткандыгын айтты.

Түркиянын ушул алкакта кургактыктагы жана деңиздеги иштеринин үзгүлтүксүз жүрүп жаткандыгын билдирген Дөнмез: «Сакария газ кенинен 405 миллиард кубометр газ табылгандан кийин акыркы бир айда кургактыкта ​​үч жаңы ачылыш жасадык. Үч кудуктан чыгарыла турган кошумча 6800 баррель менен ички мунай өндүрүшүбүздү 60 миң баррелге жеткирдик. Биздин максат - ички мунай өндүрүшүбүздү 2023-жылы күнүмдүк 100 миң баррелге жеткирүү», деди.



Тектеш кабарлар