Афганистанда армия Талибанга карата абадан операция жүргүздү

Кол салууларда 20 террористтин жок кылынгандыгы белгиленди.

1652140
Афганистанда  армия Талибанга карата абадан операция жүргүздү

Афганистан армиясынын өлкөнүн түндүгүндөгү Гельманд аймагында Талибанга карата абадан кол салуусунда 20 террористтин жок кылынгандыгы билдирилди.

Армиядан берилген маалыматта Гельманд аймагынын Нахр Сараж аймагында кароосуз калган аскердик базаны талап – тоногон Талибан террористтерине карата абадан жасалган кол салууларда 20 террористтин жок кылынгандыгы белгиленди.

Маалыматта кол салууда өлгөндөрдүн арасында талап – тоноо учурунда жакын жерлерде бир канча жарандын да бар экендиги маалымдалды.

Буга карабастан Талибан армиянын абадан кол салуусунда 30 адамдын каза болгондугун жана каза болгондордун баарынын жарандар экендигин айтууда.

Талибандын катчысы Забихуллах Мүжахид афган армиясынын жарандадры бутага алуу менен айыптады.

Нахр Сараж аймагында телефон линиялары иштебегендиктен жетекчилер менен байланыш курула албай жатат.



Тектеш кабарлар