Түркия менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын ортосунда протоколго кол коюлду

Түркия Республикасынын Өкмөтү менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча протоколго кол коюлду.

1651391

Түндүк Кипр Түрк Республикасындагы протокол аземине катышкан соода министри Мехмет Муш : «Биз эки мамлекеттин ортосундагы бир туугандык жана маданий байланыштарды соода-экономикалык мамилелерибизге чагылдыруу үчүн көп аракет кылып жатабыз»,- деди.

Муш максаттарынын Түндүк Кипр Түрк Республикасынын социалдык жана экономикалык өнүгүүсүнө жол ачуу экендигин айтты.

Вице  - премьер  - министр, экономика жана энергетика министри Эрхан Арыклы болсо көптөгөн жылдардан бери иштеп келе жатышкан бир топ теманын түшүмүн алуу үчүн чогулушкандарын белгилеп Түркия жана Түндүк Кипр Түрк Республикасында да бул тууралуу иштегендердин баарына ыракмат айтты.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин протоколго Түркиянын атынан Муш, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын атынан Арыклы кол койду.

Андан соң Түндүк Кипр Түрк Республикасынын ишкерлери менен тегерек стол жолугушуусу болуп өттү.

Тектеш кабарлар