Президент Эрдоган жаңы жаратылыш газы табылгандыгын сүйүнчүлөдү

Эрдоган, жаңы ачылыш менен биргеликте Кара деңиздеги жалпы газдын көлөмү 540 миллиард куб метрге жеткенин айтты.

1651996
Президент Эрдоган жаңы жаратылыш газы табылгандыгын сүйүнчүлөдү
erdogan.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган, «Фатих» бургулоо кемесинин Сакария газ кениндеги Амасра -1 кудугунда 135 миллиард куб метрдик жаңы табигый газ тапкандыгын сүйүнчүлөдү.

Эрдоган Зонгулдактагы Филёс портунун ачылышында жана жаратылыш газын иштетүүчү жайлардын пайдубалын түптөө аземинде сүйлөгөн сөзүндө, жаңы ачылыш менен биргеликте Кара деңиздеги жалпы газдын көлөмү 540 миллиард куб метрге жеткенин айтты.

Президент Эрдоган, «Амасра-1 кудугунун айланасында бургулоо иштери улантылууда. Бул аймактан жаңы жакшы жаңылыктарды күтүп жатабыз»,-деди.

«Биз деңиздеги жаратылыш газын кургактыкка үч этап менен алып келүүнү пландап жатабыз» деген Эрдоган: «Биринчи этап - бул деңиз түбүндө орнотула турган жаратылыш газын өндүрүү тутумдары. Экинчи этап - жаратылыш газын кургактыкта ​​иштетип колдонууга даярдай турган жай. Үчүнчү этап болсо деңиздеги система менен кургактыктагы жайдын ортосундагы байланышты камсыз кылган куур», деп кошумчалады.

Президент Эрдоган: «Быйыл 2000 мегаваты күн жана 2000 мегаваты шамал энергиясынан турган жалпы 4000 мегаваттык кайра жаралуучу энергия инвестициясын мобилизациялайбыз»,-деди.

Режеп Таййип Эрдоган Филёс портуна байланыштуу да: «Өлкөбүздү дүйнөнүн алдыңкы 10 экономикасынын катарына кошуу биздин 2023-жылдагы максаттарыбыздын арасында орун алган долбоорубуздун маанилүү инфраструктураларынын бири болуп саналат»,-деп айтып: «Жылдын аягында 200 миллиард долларлык экспорт көрсөткүчүнө жетүүнүн жарыгын көрө баштадык»,- деди.



Тектеш кабарлар