Түркия Израилге каршылык көрсөттү

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсү.

1650029
Түркия Израилге каршылык көрсөттү

Түркия Израилдин мыйзамсыз отурукташуу иштерине каршылык көрсөттү.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Израиль бийлиги тарабынан курчоодогу Батыш Шериада жайгашкан Рамаллах шаарына жакын жердеги Бейт Эл мыйзамсыз отурукташуу аймагында 350 турак жайдан турган долбоордун пайдубалын түптөө аземи өткөрүлгөндүгү маалымдалды.

Газадагы азап-кайгылар жаңы болуп турган чакта мындай чагымчылдыктардын улантылышы, Израиль бийлигинин болуп өткөн окуялардан эч кандай сабак албагандыгын көрсөтөт деп айтылган билдирүүдө: «Биз Израилдин бул мыйзамсыз иштерин четке кагабыз. Израилдин эл аралык мыйзамдарды бузган саясат жана иш-аракеттери үчүн жоопко тартылышынын маанилүүлүгүн дагы бир жолу баса белгилейбиз»,-деген сөздөр камтылды.

Израиль оккупациядагы Батыш Шерианын Рамаллах шаарына жакын жердеги Бейт-Эл мыйзамсыз жөөт конушунда 350 турак жайдан турган долбоордун пайдубалын түптөө аземин өткөрдү.



Тектеш кабарлар