Тогодо ФЕТӨгө таандык мектеп жабылды
Түркиянын аракеттеринин натыйжасында Батыш Африка өлкөсү Того шаарында Фетуллахчы террордук уюмга таандык мектеп жабылды.
Түркиянын аракеттеринин натыйжасында Батыш Африка өлкөсү Тогодо Фетуллахчы террордук уюмга таандык мектеп жабылды.
Борбор шаар Анкарага келген Тогонун тышкы иштер, Африка интеграциясы жана чет өлкөдөгү тоголуктар министри Роберт Дюсси тышкы иштер министрлигинде өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен сүйлөштү.
Дюсси Түркиянын аракеттеринин натыйжасында Тогодогу ФЕТӨгө таандык мектептердин жабылгандыгын айтты.
Дюсси жабылган мектептердин окуучуларынын келерки окуу жылында Түркиянын колдоосу жана Маариф фондунун негизинде мыкты билим алышарын белгиледи.
Дюсси Тогонун Анкарада элчилик ачарын да айтты.
Тектеш кабарлар
"Хамзабейли" чек ара бекетинде кезек
Жүздөгөн фура айдоочусу Европага өтүү үчүн унааларында күтүүнү улантууда.