Террордук уюм ЙПГ / ПККнын Сирия-Түркия чек арасында туннель казганы аныкталды

Террордук уюму ДЕАШтын тактикасын колдонгон ЙПГ / ПКК, мүмкүн болгон аскердик операцияларга туруштук берүү, кирип кетүү жана капыстан кол салуу максатында туннелдерди казып жатат.

1649076
Террордук уюм ЙПГ / ПККнын Сирия-Түркия чек арасында туннель казганы аныкталды
ypg-pkk tunel kazma1.jpg
ypg-pkk tunel kazma.jpg

Террордук уюм ЙПГ / ПКК, Евфраттын чыгыш тарабындагы Сирия-Түркия чек арасында жайгашкан Айнулараб (Кобани), Камышлы, Дирбасие жана Маликийе аймактарында туннелдерди ачуу менен жайгашууларын улантууда.

Камышлынын Батыш Махаллеси жана Хилалийе аймактарынан алынган көрүнүштөргө караганда террордук уюму ДЕАШтын тактикасын колдонгон ЙПГ / ПКК, мүмкүн болгон аскердик операцияларга туруштук берүү, кирип кетүү жана капыстан кол салуу максатында туннелдерди казып жатат.

Туннелдин кире бериши чек арадан 2 чакырым алыстыкта, 15 мүнөттүк жөө аралыкта.

Калктуу конуштардагы туннелдер уюмдун жарандарды калкан катары колдонуп, мүмкүн болгон операцияларга туруштук берүүсүн жеңилдетет.

Жарандар жашаган аймакта казылган тоннелдер турак жайлардын инфраструктурасын бузуп, жашоого терс таасирин тийгизүүдө.

Террористтер каалаган имараттарга жана үйлөргө кварталдардын астынан казган туннелдер аркылуу чыгышат.

YPG / PKKнын Манбиж жана Айнуларабдагы (Кобани) туннель казуулары 2018-жылы декабрда жана 2019-жылы 15-апрелде тартылган.

ЙПГ / ПККдан «Зайтун бутагы» операциясында Африн, «Тынчтык булагы» операциясында Тель-Абяд жана Расулайн тазалангандан кийин уюмдун көптөгөн туннелдерди казганы аныкталды.

2019-жылдын октябрь айында Евфрат дарыясынын чыгыш тарабындагы Сириянын аймагында ЙПГ / ПККга каршы Түркия баштаган операцияда, Америка Кошмо Штаттары кийлигишип уюмдун коопсуз зона координаттарынан чыгууну убада кылган.

2019-жылы 22-октябрда Сочиде өткөн Түркия-Россия саммитинде Москва бийлиги террорчулар Түркия-Сирия чек арасынан 30 чакырым түштүк тарапка кетет деп ишендирген.



Тектеш кабарлар