Чавушоглу: «Чечилишин күтүп жаткан көйгөйлөрдү Евробиримдик эмес, Түркия жана Греция гана чече алат»

Чавушоглу Грециянын «To Vima» гезитине берген маегинде бүгүнкү Грецияга болгон сапарына байланыштуу эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерге баа берди.

1648432
Чавушоглу: «Чечилишин күтүп жаткан көйгөйлөрдү Евробиримдик эмес, Түркия жана Греция гана чече алат»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Грециянын Европа Биримдигин (ЕБ) Түркияга каршы көзүр катары колдонуудан алыс болушу керектигин билдирип, «Чечилишин күтүп жаткан көйгөйлөрдү Евробиримдик эмес, Түркия жана Греция гана чече алат»,-деди.

Чавушоглу Грециянын «To Vima» гезитине берген маегинде бүгүнкү Грецияга болгон сапарына байланыштуу эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерге баа берди.

Грециядагы жолугушууларынын президент Режеп Таййип Эрдоган менен Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакистин 14-июнда Бельгиянын борбору Брюсселдеги НАТОнун саммитиндеги жолугушуусунун негизин түзө тургандыгын белгилеген Чавушоглу, эки тараптуу мамилелердеги туруктуу конструктивдүү диалогдун маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Түркия-ЕБ карым-катнаштарында ишенимдүү позитивдүү күн тартибин иштеп чыгууга даяр экендиктерин баса белгилеген Чавушоглу, Грециянын ЕБ контекстиндеги мамилесине да токтолуп: «Греция ЕБин Түркияга каршы көзүр катары колдонуудан алыс болуп, учурдагы оң импульска ээ болушу керек. Чечүүнү күткөн көйгөйлөрдү Европа Биримдигин эмес, Түркия жана Греция гана чечиши мүмкүн»,-деп айтты.

«Оруч Рейс» сейсмикалык изилдөө кемеси өз ишин Түркиянын континенттик шельфинин чектеринде жүргүзүп жаткандыгын баса белгилеген Чавушоглу:  «Биз Грециянын жана Кипрдин румдарынын бир тараптуу жана максималисттик дооматтарына каршы Түркиянын да, Кипрдин түрктөрүнүн да укуктарын коргоого чечкиндүүбүз»,-деди.

Греция менен ар кандай талаштуу маселени талкуулоого даяр экендиктерин билдирген Чавушоглу: «Бирок, Греция «Севильянын картасынан» баш тартышы керек. Америка Кошмо Штаттары дагы, ЕБ дагы бул картаны жактырбайт. Түркиянын бир гана Эгей жана Жер Ортолук деңизинин жээктери менен чектелип калаарын ойлоонун грек тараптын туура эмес эсептөөсү экендигин дагы бир жолу кайталайм»,-деди.

Кипр маселесине токтолгон Чавушоглу, түрк тараптын көз-карашынын аралдагы эки мамлекеттин ортосунда эгемендүү теңчилик жана бирдей эл аралык статустун негизинде кызматташуу мамилесин орнотуу экендигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар