Европа Биримдигинин Түркиядагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Гөбеклитепеге барды

Европа Биримдигинин Түркиядагы өкүлчүлүгүнүн башчысы, элчи Николаус Мейер-Ландрут ЮНЕСКОнун Бүткүл Дүйнөлүк Мурастар тизмесине кирген жана тарыхтын башталган жери катары эсептелген, 12 000 жылдык  Гөбеклитепеге барды.

1647137

Мейер-Ландрут адамзаттын бешиги болгон Гөбеклитепеде  жана пайгамбарлар шаарында болуу кубанычын билдирди.

Шанлыурфада тарыхый жерлерди зыярат кылуудан башка, долбоорлор жана программалар бар экендигин, ошондуктан бул жерде экендигин айткан элчи, Шанлыурфанын көптөгөн сириялыкты коноктогондугун,  мунун шаарга оорчулук жаратып жаткандыгын айтты.

Мейер-Ландрут Европ Биримдигинин программалары менен  сириялык калк түзгөн оорчулукка байланыштуу жардам берүүдөн кубанычта экендигин билдирди.

"Уюмдашкан өнөр жай аймагына болгон иш сапарыбызда көп сандаган сириялыктардын түрк жарандары менен катар текстиль фирмасында жумушка орношконун көрдүк. Сириялык конокторду Шанлыурфада тосуп алуу үчүн чоң аракет көрүлүп жатат. Ошондой эле бул аракеттерге салым кошконубузга сыймыктанабыз. Бирок, албетте, негизги аракетти түрк өкмөтү, муниципалитеттер жана түрк эли көрсөтүүдө",- деди.

Тектеш кабарлар