Кожа: «1-июндан баштап 50 жаштан жогору жарандарыбыз эмделет»

Фахреттин Кожа Коронавирус илим комитетинин отурумунан кийин билдирүү жасады.

1646385
Кожа: «1-июндан баштап 50 жаштан жогору жарандарыбыз эмделет»

1-июндан баштап эмдөө программасынын тездей тургандыгын айткан саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа: «Ошондой эле 50 жаштан жогору жарандарыбыз да эмделет»,-деди.

Фахреттин Кожа Коронавирус илим комитетинин отурумунан кийин билдирүү жасады.

«1-июндан тарта эмдөө программабыз тездетилип, 50 жаштан ашкан жарандарыбыз да эмдөөдөн өтүшөт»,-деп айткан Кожа жергиликтүү вакцина боюнча изилдөөлөрдүн акыркы баскычта экендигин айтты.

Кожа: «Биз 270 миллион дозага чейин (Ковид-19) вакцинага кол койдук, бул биздин калктын санынан үч эсе жогору. Кийинки жуманын башында биздин өлкөгө дагы 5 миллионго жакын доза вакцина келет. Мен өзүбүздүн вакцинаны колдонууга жакындап калгандыгы жөнүндө жакшы кабарды айткым келет»,-деди.

Фахреттин Кожа: «Биздин учурдагы өнүгүүлөрүбүз жана калыбына келтирүү боюнча пландарыбыз менен ушул жайда эпидемиянын кыйратуучу таасиринен арылаарыбыз белгилүү болду»,деген сөздөрдү айтты.



Тектеш кабарлар