Стамбул аэропорту Европадагы лидерлигин улантууда

EUROCONTROL тарабынан даярдалган учуу кыймылынын отчету жарыяланды.

1645367
Стамбул аэропорту Европадагы лидерлигин улантууда

Стамбул аэропорту кечээ уюштурган 633 каттам менен Европанын аэропортторунун арасында биринчи орунду ээледи.

Европанын аэронавигациялык коопсуздук уюму (EUROCONTROL) тарабынан даярдалган учуу кыймылынын отчетуна караганда, Стамбул аэропорту кечээ жүргүзүлгөн 633 каттам менен Европадагы лидерлигин сактап калды.

Стамбул аэропортунан кийин 569 каттам менен Франкфурт, 548 рейс менен Амстердам Шипол аэропорттору ээлешти.

Париж Шарль де Голль аэропорту 497 рейси менен төртүнчү орунду алды. Мадрид Барахас аэропорту күнүмдүк 494 каттам менен тизмеде бешинчи орунда турат.



Тектеш кабарлар