Атамекендик вакцинанын сыноолору уланып жатат

Варанк менен Пакдемирли Стамбулдагы Пендик ветеринардык көзөмөл институтуна барышты.

1643504
Атамекендик вакцинанын сыноолору уланып жатат

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, коронавируска каршы изилдөөлөрү уланып жаткан атамекендик вакцинанын адамдарга сыноолору ийгиликтүү болгон учурда жылдын аягына чейин иштелип чыгарын айтты.

Варанк менен айыл чарба жана токой чарба министри Бекир Пакдемирли Стамбулдагы Пендик ветеринардык көзөмөл институтуна барышты.

Министр Варанк өз сөзүндө, бул институттун вакцина изилдөө жана активдүү эмес вакцина жаатында клиникага чейинки изилдөөлөр, тажрыйбалар жана сыноолор жүргүзүлгөн абдан маанилүү жай экендигин айтты.

Варанк: «Эгерде вакцинабыздын адамдарга сыноолорунда ийгиликтүү болгонун көрө алсак, анда атамекендик жана улуттук вакцинаны жылдын аягына чейин иштеп чыккан болобуз»,-деди.



Тектеш кабарлар