Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Антони Гутерреш менен жолугушту

Жолугушууда Палестина маселеси менен Афганистан, Ливия жана Сириядагы абалдар каралды.

1642872
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу  Антони Гутерреш менен жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу  БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерреш менен жолугушту. Жолугушууда Палестина маселеси менен Афганистан, Ливия жана Сириядагы абалдар каралды.

Тышкы иштер министри Чавушоглу БУУнун жалпы кеңешинде Израиль менен Палестинанын ортосунда болгон кризис талкууланган жыйынга катышкандан кийин Гутерреш менен жолугушту.

Жолугушуу тууралуу твиттер эсебинен маалымат берген Чавушоглу буларды айтты : «БУУнун башкы катчысы Гутерреш менен Палестина, Афганистан, Ливия жана Сирия менен башка глобалдык абалдарды талкууладык. Израилди токтотуу үчүн күчтүү бир  БУУнун каршы чыгуусуна муктаждык бар. Өзүнүн да айтканындай ; жер жүзүндө тозок бар болсо ал да Газадагы балдардын өмүрү».



Тектеш кабарлар