Чавушоглу БУУда сөз сүйлөдү

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы Палестина үчүн чогулду.

1642912
Чавушоглу БУУда сөз сүйлөдү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Газада болуп жаткандардын бир гана жооптуусунун Израиль экендигин билдирип: «Палестиналык жарандар үчүн эл аралык коргоо түзүлүшү керек», деди.

Чавушоглу Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында өткөрүлгөн Палестина сессиясында сөз сүйлөдү.

Палестинада көптөгөн жылдардан бери бирдей трагедия болуп келе жаткандыгын айткан Чавушоглу: «Газада жарандык конуштар, мектептер жана ооруканалар бутага алынды. Бул агрессивдүү аракеттер согуш кылмышын билдирет. Кылмышкерди ачыкка чыгарышыбыз керек. Учурда Кудста, Батыш Шериада жана Газада болуп жаткан окуялар үчүн Израиль гана жооптуу»,-деди.

Израилдин агрессиясын сындагандардын антисемитизмге айыпталып жаткандыгын белгилеген Чавушоглу сөзүн төмөнкүчө улантты: «1947-жылдан бери Израиль Палестинанын жерлерин тартып алууда. Израиль жасаган кылмыштары үчүн жооп бериши керек. Израилдин блокадасын жана кол салууларды токтотуу үчүн чара көрүүнүн убагы келди. Палестиналык жарандар үчүн эл аралык коргоо түзүлүүсү зарыл».

Акыйкатсыздыкка каршы унчукпай отуруу, жасалган кылмыштын тарабы болуу менен барабар экендигин айткан Чавушоглу: «Адилетсиздикке каршы унчукпай турган дудук шайтан болуп эсептелет. Израилдин Газаны блокадага алышы бул жерлерди дүйнөдөгү эң ири ачык асман алдындагы абакка айландырды», деди.



Тектеш кабарлар