Шентоп Галибаф менен сүйлөштү

Шентоп сүйлөшүүдө Израилдин Палестинага жасаган кол салууларына көңүл бурду.

1641710
Шентоп Галибаф менен сүйлөштү

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоп: «Баскынчы Израилге күчтүү жана тоскоолдук кылуучу сабак берүү үчүн дароо конкреттүү чаралар көрүлүшү керек. Эл аралык коомчулуктун пассивдүү жана карама-каршылыктуу мамилеси убакытты текке кетирүүдө, бул Палестина эли үчүн өтө оор болот»,-деди.

Шентоп Иран Ислам Консультативдик Кеңешинин төрагасы Мухаммед Багер Галибаф менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүү учурунда Израилдин Палестинага жасаган кол салууларына көңүл бурган Шентоп, бул маселеге тезирээк жана эң күчтүү реакция кылуу үчүн эл аралык парламенттик уюмдардын шашылыш чара көрүүлөрү керектигин айтты.

Иран Ислам Консультативдик Кеңешинин төрагасы Мухаммед Багер Галибаф да: «Палестинада болгон окуя кабыл алынгыс. Бардык парламенттер, жалпы Ислам дүйнөсү Палестина маселесинде өзүн көрсөтүшү керек. Мен сизди Иранга чакырам. Сизди Иранда коноктогонго кубанычта болом», деди.



Тектеш кабарлар