Түркиянын БУУдагы өкүлү БУУнун Коопсуздук кеңешине Израиль темасында каршылык көрсөттү

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Израиль менен Палестинанын ортосундагы чыңалуу жана Израилдин Газага карай абадан сокку урууларын талкуулаган отурумга Түркия жазуу түрүндө билдирүү жасады.

1640633
Түркиянын БУУдагы өкүлү БУУнун Коопсуздук кеңешине Израиль темасында каршылык көрсөттү

Түркиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлү Феридун Синирлиоглу Израилдин Палестинага жасаган кол салууларына каршы БУУнун Коопсуздук Кеңешинин унчукпай турушу кабыл алынгыс экендигин айтты.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Израиль менен Палестинанын ортосундагы чыңалуу жана Израилдин Газага карай абадан сокку урууларын талкуулаган отурумга Түркия жазуу түрүндө билдирүү жасады.

Билдирүүдө Синирлиоглу Израилдин Палестинага карай агрессиясын жана абадан кол салууларын айыптап, арасында балдар менен бөбөктөр да болгон күнөөсүз кыргынга учуратылган Палестина элине көңүл айтты.

Акыркы окуялар үчүн Беньямин Нетаньяхунун жетекчилигиндеги Израиль өкмөтүн жооптуу көргөн Синирлиоглу, Израилдин ыйык Рамазан айында палестиндерди Чыгыш Кудстагы жана Батыш Шериадагы үйлөрүнөн сүрүп чыгарууга аракет кылгандыгын жана ошондой эле Акса мечитинде сыйынып жаткан палестиналыктарга кол салганын эске салды.

Бириккен Улуттар Уюмунун Палестиналык качкындарга жардам берүү уюмуна (UNRWA) караштуу Газадагы мектептердин бутага алынышын айыптаган Синирлиоглу, мектептерге жасалган кол салуунун согуш кылмышы экендигин айтты.

Израилди Газада жерлеринен ажыраган миңдеген палестиналыктарга гуманитардык жардам жеткирүүгө уруксат берүүгө чакырган Синирлиоглу: «Бул Кеңеш мындан ары Палестина эли алдындагы жоопкерчиликтеринен кутула албайт»,-деп айтты.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) Төрагасы Мустафа Шентоп дагы Твиттердеги бөлүшүүсүндө, «БУУнун Израилге жана Палестинага карай жаңжалды токтотуп, эки мамлекеттүү чечим табуу үчүн сүйлөшүүлөргө кайтууга чакырганы оң, бирок жетиштүү кадам эмес. БУУ Израилдеги жарандык кыргындарды, мамлекеттик терроризмди жана адамзатка каршы кылмыштарды тезинен күн тартибине койушу керек»,деген сөздөргө орун берди.



Тектеш кабарлар