Эрдоган: «Мындан ары мурдагыдай кеңири жана чектөөчү чаралардын кереги жок деп ишенебиз»

Акыркы 24 саатта вирустан 223 киши көз жумду.

1641025
Эрдоган: «Мындан ары мурдагыдай кеңири жана чектөөчү чаралардын кереги жок деп ишенебиз»

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 223 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 44 миң 983 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 206 миң 836 тест жасалып, 923 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 10 миң 174 болду.

Дарылануусу бүтүп айыккан 13 миң 864 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 4 миллион 961 миң 120га жогорулады.

Башка жагынан алганда, президент Режеп Таййип Эрдоган жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) эпидемиясы негизинен Рамазан айында ишке ашырылган жарым-жартылай жана толук жабуу иш-чараларынын натыйжасында көзөмөлгө алынганын айтты.

Эрдоган Министрлер кабинетинин отурумунан кийин билдирүү жасап, "Мындан ары мурдагыдай кеңири жана чектөөчү чаралардын кереги жок болуп калат деп ишенебиз",-деди.

Президент Эрдоган, Ковид-19га каршы иштелип чыккан вакцина иш-чараларынын тездетилгенин да билдирди.



Тектеш кабарлар