Түрк аба жолдору Британияга каттамдарын убактылуу токтотту

Чечимге байланыштуу жаңыланган маалыматтардын Түрк аба жолдорунун веб-сайты жана социалдык медиа баракчаларынан жарыяланары белгиленди.

1639574
Түрк аба жолдору Британияга каттамдарын убактылуу токтотту

Түрк аба жолдору (THY) Түркиядан Британияга учууну убактылуу токтотту.

Түрк аба жолдорунун расмий сайтында жарыяланган билдирүүдө, Британия жетекчилиги тарабынан кабыл алынган чечимдердин негизинде 12-май таңкы саат 6.00дөн ​​GMT+3 (Гринвич убактысы + 3 саат) баштап Түркиядан Британияга каттамдардын убактылуу аткарылбай тургандыгы белгиленди.

Билдирүүдө Британиядан Түркияга жана Түркия аркылуу башка өлкөлөргө учууга эч кандай чектөө коюлбагандыгы, чечимге байланыштуу жаңыланган маалыматтардын Түрк аба жолдорунун веб-сайты жана социалдык медиа баракчаларынан жарыяланары белгиленди.



Тектеш кабарлар