Түркия : "Эл аралык коомчулукту аракетке өтүүгө чакырабыз"

Түркия Израилдин Газага карата танктар жана артиллериялык атууларын башташы тынчсызданууларды жараткандыгын белгилеп, кол салуулардын дароо токтотулушу үчүн эл аралык коомчулукту аракетке өтүүгө чакырды.

1639418

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Израилдин Газага карата абадан кол салууларында жарандык жоготуулардын ылдам өскөндүгү, БУУнун Палестина качкындарына жардам жана жардам берүү агенттигине караштуу мектептердин зыян тарткандыгы жана аймакта кызмат кылган Анадолу агенттигинин оператору менен фотокабарчысынын жаралангандыгы эске салынды.

Маалыматта бул кырдаалдын Израилдин кол салууларын ачыкча ортого салгандыгы белгиленип, Израилдин Газага карата танктар жана артиллериялык атууларын башташы тынчсыздануу жараткандыгы билдирилди жана жарандык жоготуулардын дагы да көбөйүшүнө себеп боло турган бул кол салууларды дароо токтотуу үчүн эл аралык коомчулук ылдам түрдө аракетке өтүүгө чакырылды.

Министрликтин маалыматында : «Израилдин кол салууларында каза болгон палестиналык боордошторубузга Алладан ырайым тилеп, жаралуулардын бат айыгып кетишин каалап, Анадолу агенттигинин кызматкрелерине да көңүл айтабыз. Түркия бул доодо Палестина калкынын жанында болууну улантат»,- деп билдирилди.

Тектеш кабарлар