Ибрахим Калын менен Фахреттин Алтун Израилдин кол салуусуна каршылык көрсөттү

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтун : «Палестина үчүн эл аралык бардык платформада күрөшүүнү улантабыз»,- деди.

1639229

Алтун соцтармактан Израиль армиясынын блокада астындагы Газа тилкесине кургактык операциясын баштоосуна байланыштуу маалымат берип буларды белгиледи : «Израиль кыргындары менен террордук кыймылдарын улантууда. Баскынчы Израиль көптөгөн жылдардан бери адилетсиз түрдөбардык адамзаттык укуктарды тебелеп блокада астында кармаган Газага азыр да кургактыктан операция жүргүзүүдө.

Палестина үчүн эл аралык бардык платформада күрөшүүнү улантабыз. Израилдин бул мыйзам тааныбаган кыймылынын акырына чыгышы үчүн эмне керек болсо аткарабыз. Күрөшүбүз Палестина толугу менен эркиндикке жеткенге чейин уланат. Бул мыйзамсыздык менен баскынчылык дароо токтошу керек».

Президенттиктин пресс- катчысы Ибрахим Калын да твиттерден маалымат берип : «Израилдин кол салуулары жаңы бир кыргындын кабарчысы. Израилдин мыйзам тышы жана баскынчы мамилесине каршыбүткүл дүйнөнү чукул түрдө жоопкерчиликти алууга чакырабыз. Түркия Палестина калкынын жанында болууну улантат»,- деп билдирди.

Тектеш кабарлар