Түркияда акыркы 24 саатта 238 адам каза болду

Бир күндө 201 295 тест жасалып 1 217 жаңы учур катталды.

1639085
Түркияда акыркы 24 саатта  238 адам каза болду

Түркиянын Ковид  - 19 менен күрөшүүсүндө акыркы 24 саатта 238 адам каза болду. 

Эпидемиянын башынан бери каза болгондордун саны 44 059га жетти. Бир күндө 201 295 тест жасалып 1 217 жаңы учур катталды. Күнүмдүк бейтап саны 11 534 болду. 

Айыгып ооруканадан чыккан  55 472  адам менен жалпы айыккандардын саны 4 миллион 856 763кө жогорулады. 

 

 



Тектеш кабарлар