Түркия Парламентинен Израилдин кол салуусун айыптаган биргелешкен билдирүү жарыяланды

Кол салууга каршылыгын социалдык медиа эсебинен билдирген Шентоп:«Баскынчы Израиль толук мааниде мамлекеттик терроризмди жасап жатат»,-деди.

1637591
Түркия Парламентинен Израилдин кол салуусун айыптаган биргелешкен билдирүү жарыяланды

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) Төрагасы Мустафа Шентоп Израилдин Газага баштаган абадан кол салуусун айыптады.

Кол салууга каршылыгын социалдык медиа эсебинен билдирген Шентоп:«Баскынчы Израиль толук мааниде мамлекеттик терроризмди жасап жатат»,-деди.

Түркия катары каршы чыгууларын ар дайым билдиришерин баса белгилеген Шентоп: «БУУ (Бириккен Улуттар Уюму) жана бүткүл дүйнө кайрадан үн катпай калды. Баардыгы үн катпаса дагы, биз Түркия катары эч качан үн катпай калбайбыз»,-деди.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынындагы саясий партиялардын фракциялары биргелешкен кол коюу менен жасаган билдирүүсүндө Израилдин Акса мечитине болгон кол салууларын айыпташты.

«Түркия Улуу Улуттук Жыйыны катары биз бул зулумдукту жана мыйзам бузууларды кескин айыптайбыз»,делген билдирүүдө: «Израилдин Кудска байланыштуу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин жана БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциялары менен кошо эл аралык мыйзамдарды тебелеген аракеттерине каршы эл аралык коомчулуктун дагы көп убакыт коротпостон эффективдүү жана натыйжалуу иш-аракет кылуусу үчүн бүткүл дүйнөнү чакырабыз»,-деди.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун өзүнүн Твиттер баракчасынан, «Мамлекеттик терроризмди кылган Израиль, 20 палестиналык бир тууганды, анын ичинде 9 баланы шейит кылды. Биз Израилден ар бир зулумдук, ар бир кыргын жана ар бир террордук акт үчүн жооп беришин талап кылабыз. Биз Израилдин эл аралык укук алдында соттолушу үчүн күрөшүбүздү улантабыз»,деген сөздөргө орун берди.

Израилдин Газа тилкесине абадан кол салуусунан 20 адам, анын ичинде 9 бала шейит болуп, көптөгөн адамдар жаракат алышты.



Тектеш кабарлар