Сириядагы «Жаз калканы» операциясы жүргүзүлгөн аймакка ракеталык кол салуу болду

Улуттук коргоо министрлигинин (УКМ) билдирүүсүнө ылайык, «Жаз калканы» операциясы жүргүзүлгөн аймагында жеткирүү конвойуна ракеталык кол салуу болгон.

1637703
Сириядагы «Жаз калканы» операциясы жүргүзүлгөн аймакка ракеталык кол салуу болду

Сириядагы «Жаз калканы» операциясы жүргүзүлгөн аймагында ракеталык кол салуудан бир аскер шейит болуп, 4 аскер жаракат алды.

Улуттук коргоо министрлигинин (УКМ) билдирүүсүнө ылайык, «Жаз калканы» операциясы жүргүзүлгөн аймагында жеткирүү конвойуна ракеталык кол салуу болгон. Кол салууда бир аскер шейит болуп, 4 аскер жаракат алды. Жабыркаган аскерлер дароо ооруканага жеткирилген.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) Төрагасы Мустафа Шентоп, Идлибдеги «Жаз калканы» операция аймагында шейит кеткен жоокер үчүн көңүл айтты.

Шентоп, Твиттерде бөлүшкөн билдирүүсүндө, «Чыккынчылык кол салууда курман болгон баатыр жоокерибиздин жаткан жери жайлуу болушун жана жарадар болгон жоокерлерибиздин тезинен сакайып кетишин тилейм. Элибизге көңүл айтам»,деген сөздөргө орун берди.

Вице-президент Фуат Октай дагы социалдык медиа эсебинде, «Шейит кеткен баатыр жоокерибиздин жаткан жери жайлууболушун  жана жарадар болгон жоокерлерибиздин тезинен сакайып кетишин тилейм.  Сүйүктүү элибизге сабырдуулук тилейм»,деген сөздөрдү колдонгон.

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, социалдык медиа эсебине жарыялаган көңүл айтуу билдирүүсүндө, «Шейит болгон баатыр жоокерибиздин жаткан жери жайлуу болушун жана жарадар болгон жоокерлерибиздин тезинен сакайып кетишин тилейм. Элибизге көңүл айтам. Террористтик уюмду жок кылганга чейин чечкиндүү күрөшүбүз улантылат»,-деди.



Тектеш кабарлар