Пакистан Түркиянын чакыруусуна толук колдоо көрсөттү

Пакистандын Тышкы иштер министри Шах Махмуд Курайши, Түркиянын Ислам Кызматташтык Уюмун (ИКУ) жана БУУну (БУУ) Палестинадагы учурдагы кырдаал боюнча жыйналышка чакыруусун толугу менен колдой турганын билдирди.

1638072

Курейши Твиттерде жасаган билдирүүсүндө Палестинада күндөн-күнгө күчөп бараткан агресиялуу жана тажатма кырдаалга байланыштуу тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айтты.

Курайши, Түркиянын ИКУ жана БУУну Палестинадагы учурдагы кырдаал боюнча жыйналышка чакыруусун Пакистандын толугу менен колдой тургандыгын билдирип, Исламдын биринчи кыбыласы Аль-Акса Мечитине болгон кол салуулар, балдардын өлтүрүлүшү жана палестиналыктарды үйлөрүнөн чыгарып салууга мажбурлоосу таптакыр кабыл алынгыс экендигин билдирди.

Бир тараптан, Курайши борбор шаар Исламабадда басма сөз мүчөлөрүнө жасаган билдирүүсүндө Израилдин бейкүнөө жана куралсыз Палестина элине карай кол салууларын катуу айыптады.

Курайши эл аралык коомчулукту Израилдин палестиналыктарды куугунтуктоосун жана алардын үйлөрүнөн күч менен чыгарылышын токтотуу үчүн иш-аракетке чакырды.

Тектеш кабарлар