Террористтер менен айыгышкан күрөш жүрүп жатат

Улуттук коргоо министрлигинин (УКМ) билдирүүсүндө үңкүрдөгү террористтер менен кагылышуу болгондугу айтылган.

1636957
Террористтер менен айыгышкан күрөш жүрүп жатат

Ирактын түндүгүндө уланып жаткан Чеңгел-Чагылган операцияларынын алкагында жикчил террордук уюм ПККга мүчө 5 террорист таасирсиз кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин (УКМ) билдирүүсүндө үңкүрдөгү террористтер менен кагылышуу болгондугу айтылган.

Билдирүүдө террористтер менен кагылышууда ПККдан 5 террористтин таасирсиз кылынгандыгы билдирилди.

Министрликтин дагы бир билдирүүсүндө, Гара аймагында аныкталган 8 террористтин абадан жүргүзүлгөн операциясы менен таасирсиз абалга келтирилгени белгиленди.

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу да Карс шаарында Түркияда ПККга каршы жүргүзүлгөн Эрен операциялары менен (11-январдан бери) ушул кезге чейин 40 террористтин таасирсиз кылынгандыгын жарыялады.

Экинчи жагынан, Ички иштер министрлигинин Твиттер эсебинде жасалган билдирүүдө, Мардин-Нусайбин районундагы Багок аймагында уланып жаткан Эрен-5 операциясынын натыйжасында жок кылынган террористтердин саны 7ге жеткени, аймакта операциялар уланып жатканы билдирилген.



Тектеш кабарлар