Эрдоган: «ПККнын колундагы акыркы уул дагы үй-бүлөсү менен бириккенге чейин күрөш уланат»

Президент Эрдоган Стамбулдагы Вахдеттин сарайында ифтар тамагында ПКК тарабынан уурдалган балдарын бириктирүү үмүтү менен Элдик демократиялык партиянын (HDP) облустук имаратынын алдында отурган Диярбакыр энелери менен жолугушту.

1636687
Эрдоган: «ПККнын колундагы акыркы уул дагы үй-бүлөсү менен бириккенге чейин күрөш уланат»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, акыркы террорист натыйжасыз болуп, жикчил террордук уюм ПККнын колундагы акыркы уул дагы үй-бүлөсү менен бириккенге чейин ар дайым алдыга умтулуп күрөштү уланта тургандарын айтты.

Президент Эрдоган Стамбулдагы Вахдеттин сарайында ифтар тамагында ПКК тарабынан уурдалган балдарын бириктирүү үмүтү менен Элдик демократиялык партиянын (HDP) облустук имаратынын алдында отурган Диярбакыр энелери менен жолугушту.

Эрдоганды жубайы биринчи айым Эмине Эрдоган, ички иштер министри Сүлейман Сойлу жана Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башкы директору Фахреттин Алтун коштоду.

Эрдоган бул жерде сүйлөгөн сөзүндө: «Бул күрөштү акыркы террорист натыйжасыз болуп, террордук уюмдун колундагы акыркы уулубуз үй-бүлөсү менен бириккенге чейин ар дайым алдыга жылуу менен улантабыз»,- деди.

Эрдоган, Диярбакыр энелерине кайрылып, «Биз башынан бери террордук уюм ПККга жана анын саясий кеңейишине алданып калган балдарыңыздарды кайтарып алуу үчүн болгон күрөшүңүздү жогору бааладык»,-деп айтты.

(Террористтик уюм ПКК) Учурда алардын көйгөйлөрү чоң, маселелери чоң. Алар эми качып кетүү үчүн тешик издеп жатышат деген президент Эрдоган: «Биздин үй-бүлөлөр тарабынан чечкиндүүлүк менен жүргүзүлгөн бул күрөш, караңгылык жана кан менен тойгон террордук уюмдун чыныгы жүзүн көрүү жагынан абдан пайдалуу болду. Биз Кандилди (Ирактагы террор уясы) талкалап, Кандилди террордон арылтабыз. Алар үчүн каран түн келет»,-деди.



Тектеш кабарлар