Эрдоган дүйнө жүзүнө «Израилди токтоткула» деп чакырык салды
Президент Эрдоган ифтар программасында Диярбакырдын (балдары жикчил террордук уюм ПКК тарабынан уурдалган) энелери менен жолугушту.

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Мен бүткүл дүйнөнү, айрыкча ислам өлкөлөрүн Израилдин, Аль-Акса мечитине, Кудска жана палестиналыктардын үйлөрүнө карай кол салууларына каршы чараларды көрүүгө чакырам»,-деди.
Президент Эрдоган ифтар программасында Диярбакырдын (балдары жикчил террордук уюм ПКК тарабынан уурдалган) энелери менен жолугушту.
Эрдоган бул жерде сүйлөгөн сөзүндө «Биз Кудстагы Аль-Акса мечити жана мусулмандарга каршы ыпылас кол салуулардын дароо токтотулушун каалайбыз»,-деп айтты.
«Кудсту жана мусулмандарды коргой албаган дүйнө, ал өзүнө-өзү чыккынчылык кылып, өзүн-өзү жок кыла турган бомбанын учун тартып алды дегенди билдирет»,-деп айткан Эрдоган, бүткүл дүйнөнү, айрыкча ислам өлкөлөрүн Израилдин, Аль-Акса мечитине, Кудска жана палестиналыктардын үйлөрүнө карай кол салууларына каршы чараларды көрүүгө чакырды.
Президент Эрдоган: «Израиль мамлекетинин кол салууларына үн катпай же олуттуу мамилени көрсөтпөй кыйыр түрдө колдогон ар ким, ал жердеги зулумдуктун өнөктөшү болуп саналат»,-деп эскертти.
«Залим Израиль, террористтик мамлекет Израиль, Кудстагы ыйык жана миңдеген жылдык мекенин жана журтун коргоодон башка максаты жок мусулмандарга аёосуз жана адепсиздик менен кол салууда»,-деп айткан Эрдоган сөздөрүн: «Түркия катары биз ар дайымкыдай бүгүн дагы Кудстагы бир туугандарыбыздын жана Палестинадагы бардык мусулмандардын жанындабыз»,-деди.
Израиль полициясынын Аль-Акса мечитине, Дамаск дарбазасы жана Шейх Жеррах конушундагы палестиналыктарга кол салууларынан 200дөн ашуун адам жаракат алды.
Аймакта Израиль полициясынын кол салуулары уланууда.