Президент: «Куралдуу учкучсуз учактарыбыздын бардык ок-дарыларын Түркияда жасап жатабыз»
Эрдоган "81 облустан 560 жаш улан-кыздар менен эң узун ифтар дасторкону" программасына Стамбулдагы Вахдеттин сарайынан видеоконференция аркылуу катышты.
1636533
Президент Режеп Таййип Эрдоган, коргоо өнөр жайында Түркиянын экспорттоочу өлкө экендигин айтып: «Азыр биз куралдуу учкучсуз учактарыбыздын бардык ок-дарыларын Түркияда жасап жатабыз»,- деди.
Эрдоган "81 облустан 560 жаш улан-кыздар менен эң узун ифтар дасторкону" программасына Стамбулдагы Вахдеттин сарайынан видеоконференция аркылуу катышты.
Президент Эрдоган, бир өлкөнүн чыныгы эгемендүү мамлекет болушу үчүн айрым шарттардын бар экендигин баса белгилеп: «Алардын бири- технологияны өнүктүрө турган жана өндүрө алган инфраструктурага ээ болушу. Азыркы учурда коргоо өнөр жайында экспорттоочу өлкөбүз. Импорт эмес, экспорт. Азыр биз куралдуу учкучсуз учактарыбыздын бардык ок-дарыларын да Түркияда жасап жатабыз»,-деди.