Октай: «Түркияны дүйнөлүк өндүрүш жана технология базасына айландырууга чечкиндүүбүз»

Октай, Түркия Металл Өнөр жайчылар профсоюзу (MESS) уюштурган вебинарга онлайн режиминде катышты.

1636259
Октай: «Түркияны дүйнөлүк өндүрүш жана технология базасына айландырууга чечкиндүүбүз»

Вице-президент Фуат Октай Түркияны дүйнөлүк өндүрүш жана технология базасына айландырууга чечкиндүү экендиктерин айтты.

Октай, Президенттик комплекстен Түркия Металл Өнөр жайчылар профсоюзу (MESS) уюштурган вебинарга онлайн режиминде катышты.

Октай сөз сүйлөөсүндө, башкы максаттарынын биринин Түркиянын күчтүү өнөр жай инфраструктурасын санариптик трансформация менен атаандашууга жөндөмдүү кылуу экендигин белгиледи.

Фуат Октай бир жагынан учурдагы жумушчу күчтү келечектеги кесиптерге багыттоо боюнча иш алып барып жатып, экинчи жагынан адамдык ресурстардын, жаштардын технологиялык билимге ээ болуусуна карата долбоорлорду жүзөгө ашырып жаткандарын билдирди.

«Биз үч континенттин борбору болгон Түркияны дүйнөлүк өндүрүш жана технология базасына айландырууга чечкиндүүбүз» деген Октай, эпидемия мезгилинде сактык төлөмдөрү жана кийинкиге жылдырылган кирешелери менен жарандарына 600 миллиарддан ашуун колдоо көрсөткөн, кыска эмгек акы, салыкты кыскартуу жана субсидияланган насыя менен өз өндүрүүчүлөрүнүн жанында турган Түркия экендигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар