Эрдоган Энелер күнүнө карата билдирүү таратты

Президент Эрдоган бардык энелерди Энелер күнү менен куттуктады.

1636553
Эрдоган Энелер күнүнө карата билдирүү таратты

Президент Режеп Таййип Эрдоган энелер үй-бүлөнүн жана коомдун курулуш материалы экендигин айтты.

Эрдоган Энелер күнүнө карата билдирүү таратты.

Сүйүүнүн, мээримдүүлүктүн, боорукердиктин жана жан аябастыктын символу болгон бардык энелерди Энелер күнү менен куттуктаган президент Эрдоган, жарык дүйнөгө алып келген ымыркайларынын муктаждыктарына кам көргөн жана аларга чындыкты үйрөткөн энелерди баарынан кымбат деп эсептегендерин айтты.

Биринчи мугалим катары күчтүү инсандарды тарбиялаган энелердин ошол эле учурда күчтүү коомчулуктардын пайдубалын түптөгөндүгүн, үй-бүлөнүн жана коомдун курулуш материалдарын түзгөндүгүн билдирген Эрдоган: «Үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрүнө, өзгөчө энелерге болгон сүйүүбүз жана урматтообуз алардын биз үчүн канчалык маанилүү экендигин ар дайым сездирүүнүн абдан маанилүү экендигин эсиңиздерге салгым келет. Жүрөгүндө ар дайым эне сагынычын сезген адам катары, дүйнөдөн кайткан энелердин бардыгын таазим кылып эскеремин. Бардык энелерге үй-бүлө мүчөлөрү менен биргеликте ден-соолукта, бакубаттыкта өмүр сүрүшүн каалайм. Аларды ушул мазмундуу күнү менен чын жүрөктөн куттуктаймын»,-деди.



Тектеш кабарлар