Акар: «Түркия-Египет мамилелери өнүгүп жатат»

Акар, Башкы штабдын башчысы генерал Яшар Гүлер жана Башкы штабдын башчысынын орун басары генерал-лейтенант Селчук Байрактароглу менен бирге Атайын күчтөрдүн командирлигине барып байкоо жүргүздү.

1636411
Акар: «Түркия-Египет мамилелери өнүгүп жатат»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Египет менен карым-катнаштардын өнүгүп жаткандыгын белгилеп: «Бул доско ишеним жана кубаныч тартуулайт, кээ бирлерин да коркутууда жана тынчын алууда»,- деди.

Акар, Башкы штабдын башчысы генерал Яшар Гүлер жана Башкы штабдын башчысынын орун басары генерал-лейтенант Селчук Байрактароглу менен бирге Атайын күчтөрдүн командирлигине барып байкоо жүргүздү.

Акар өз сөзүндө Түркиянын бардык коңшулары менен жакшы мамилелерди өнүктүрүүгө аракет кылып жаткандыгын айтты.

Түркиянын Египет менен карым-катнашынын өнүгүп жаткандыгын айткан Акар: «Бул доско ишеним, кубаныч тартуулайт, айрымдарын коркутууда жана тынчын алып жатат. Египет эли менен биздин достугубуз, бир туугандыгыбыз, жалпы баалуулуктарыбыз жана иш-аракеттерибиз бар. Биздин мамилелерибизде кандайдыр бир себептерден улам тыныгуу болгон болушу мүмкүн, бирок мунун кыска убакыттын ичинде өтүп кетерине жана Египет менен болгон туугандыгыбыздын, достугубуздун кайрадан жогорку деңгээлге көтөрүлөрүнө ишенем. Мунун Түркия, Ливия жана Египет үчүн өтө пайдалуу болоруна чогуу күбө болобуз»,-деди.



Тектеш кабарлар