Террористтерге каршы операциялар уланып жатат
Жикчил террордук уюм ПККга мүчө дагы 2 террорист куралдуу учкучсуз учактар менен зыянсыздандырылды.
Ирактын түндүгүндөгү Чеңгел-Шимшек жана Чеңгел-Йылдырым операцияларында таасирсиз кылынган террорчулардын саны 70ке жетти.
Улуттук Коргоо министрлиги "Террористтердин качуусуна жол берилбейт!" деген билдирүүсүнө караганда, жикчил террордук уюм ПККга мүчө дагы 2 террорист куралдуу учкучсуз учактар менен зыянсыздандырылды.
Ушундайча таасирсиз кылынган террорчулардын саны 70ке жетти.
Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Ирактын түндүгүнөн базалык аймактарга карай террордук чабуулдарга бөгөт болуу жана чек ара коопсуздугун камсыз кылуу максатында 23-апрелде башталган Чеңгел-Шимшек жана Чеңгел-Йылдырым операциялары ийгиликтүү уланууда.
Бир тараптан Ички иштер министрлигинин демилгеси менен Агры, Ыгдыр, Карс жана Ардаханда 2 миң 65 кызматкер катышкан «Эрен-15 Агры Тоо-Чемче Мадур операциясы» башталды.