Чавушоглу Германиянын ички иштер министри менен сүйлөштү
Мевлүт Чавушоглу Твиттердеги баракчасынан немис жана түрк тилдеринде билдирүү бөлүштү.
1635042
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Германиянын ички иштер министри Хорст Зеехофер менен видеоконференция аркылуу сүйлөштү.
Мевлүт Чавушоглу Твиттердеги баракчасынан немис жана түрк тилдеринде билдирүү бөлүштү.
Чавушоглу Зеехофер менен биргеликте качкындар темасында таштала турчу кадамдарга баа бергендерин айтты.
Сүйлөшүүдө жикчил террордук уюм ПКК жана Фетуллахчы террордук уюм (ФЕТӨ) менен күрөшүүдө натыйжалуу кызматташтыктын маанилүүлүгүн баса белгилеген Чавушоглу, Зеехоферге быйыл дагы Түркиянын ишке ашыра турган коопсуз туризм чаралары жөнүндө маалымат бергендигин айтты.
Тектеш кабарлар
Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.