Тышкы иштер министринин орун басары Кыран Салоникиге барды

Кыранды Салоники аэропортунда Түркиянын Афинадагы элчиси Бурак Өзүгергин жана Түркиянын Салоникидеги Башкы консулу Эфе Жейлан тосуп алышты.

1634604
Тышкы иштер министринин орун басары Кыран Салоникиге барды

Тышкы иштер министринин орун басары Явуз Селим Кыран Грециянын Салоники шаарына барды.

Иликтөөлөрдү жүргүзүү үчүн Салоники шаарына барган Явуз Селим Кыранды Салоники аэропортунда Түркиянын Афинадагы элчиси Бурак Өзүгергин жана Түркиянын Салоникидеги Башкы консулу Эфе Жейлан тосуп алышты.

Кыран программасынын алкагында Салоники Башкы консулдугундагы Ататүрк үйүндө иликтөөлөрдү жүргүзүп, бул жердеги Эскерүү китебине кол койду.

Андан соң Осмон мамлекети тарабынан Салоники шаарында курулган акыркы мечит болгон Султан II. Абдүлхамиттин саат мунаралары менен көрк кошкон Хамидийе (Жаңы) мечитине зыярат кылган Кыран, Осмон мезгилинен калган Зинжирликуле аянты, Попара Бабазаде мечити, Ислак Паша мечити жана Селаниктин акыркы губернаторлорунун ысымдары менен аталган Мустафа Зихни Паша мечитине барды.

Кыран ошондой эле Салоникидеги түрк коомчулугунун өкүлдөрү жана диний ишмерлер менен жолугуп, бул жердеги бардык кыйынчылыктарга карабастан өз инсандыгын жана ишенимин коргогон туугандардын ар дайым жанында боло тургандарын билдирди.

Салоникидеги жолугушууларынан кийин Батыш Фракияга бара турган Кыран, Рамазан айына байланыштуу Комотини жана Ксанти Муфтий менен тектеш мекемелердин жана уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушат.

Кыран Батыш Фракиядагы түрк азчылыгынын мүчөлөрү менен кезигип, азчылыктын мектептерине жана Осмон империясынан калган тарыхый жерлерди да зыярат кылат.



Тектеш кабарлар