Террористтер коопсуздук күчтөрүнө багынып берди
2021-жылы багынып берген уюмдун мүчөлөрүнүн саны 67ге жетти.
1634709
Жикчил террордук уюм ПККдан качкан дагы 4 террорист ынандыруу жолу менен коопсуздук күчтөрүнө багынып берди.
Ички иштер министрлигинин координациясында Жандармерия Башкы командирлиги жана Коопсуздук башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн ынандыруу иш-аракеттеринин натыйжасында террордук уюм ПККдан качкан дагы 4 террорист бүгүн коопсуздук күчтөрүнө багынып берди.
Багынган уюмдун мүчөлөрүнүн 2013-2018-жылдар аралыгында террордук уюмга кошулгандары жана Иракта жүргөндөрү аныкталды.
Жүргүзүлгөн ынандыруу иштеринин натыйжасында, 2021-жылы багынып берген уюмдун мүчөлөрүнүн саны 67ге жетти.