Нуман Куртулмуш : "Байден АКШны армян лоббилерине барымтага бериптир"

Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын аткаруучу өкүлү Нуман Куртулмуш Гейдер Алиевдин  төрөлүшүнүн 98 -  жылына карата АК партия жана Жаңы Азербайжан партиясы биргелеше өткөргөн онлайн режимдеги конференцияга катышты.

1634325
Нуман Куртулмуш : "Байден АКШны армян лоббилерине барымтага бериптир"

 Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын аткаруучу өкүлү Нуман Куртулмуш АКШнын президенти Жо Байдендин 1915 – жылдагы окуяларды «геноцид» деп мүнөздөгөнүнө карата : «Урматтуу Бейден АКШны армян лоббилерине барымтага бериптир»,- деди.

Куртулмуш Азербайжандын маркум президенти Гейдер Алиевдин  төрөлүшүнүн 98 -  жылына карата АК партия жана Жаңы Азербайжан партиясы биргелеше өткөргөн онлайн режимдеги конференцияга катышып сөз сүйлөдү.

АКШнын президенти Жо Байдендин 1915 -  жылдагы окуяларды «геноцид» деп мүнөздөшүнүн Карабахтагы согуштагы каршы аракеттердин уландысы экендигине көңүлдөрдү бурган Куртулмуш : «Байден эмне десе десин, алар кайсы тилде сүйлөсө сүйлөсүн, алар айткан сөздөрдүн тарыхты өзгөртүшү, чындыктарды бурмалашы мүмкүн эмес. Биз ачык түрдө айтып жатабыз. Урматтуу Байдендин бул сөздөрү чындыгында саясий максаттар менен жана армян лоббилерин ыраазы кылуу үчүн айтылган сөздөр. Ачыкча айта турган болсом Байден АКШны армян лоббилерине барымтага бериптир»,- деди.



Тектеш кабарлар