Апрель айында 115 террорист таасирсиз абалга келтирилди

Ички иштер министрлигинин катчысы Исмаил Чатаклы апрель айында жалпы 115 террористтин таасирсиз абалга келтирилгендигин маалымдады.

1633590
Апрель айында 115 террорист таасирсиз абалга келтирилди

Ички иштер министрлигинин катчысы Исмаил Чатаклы апрель айында жалпы 115 террористтин таасирсиз абалга келтирилгендигин,  алардын ичинде 8 жогорку башкаруучунун да бар экендигин билдирди.

Чатаклы  басма сөзгө айлык маалымат берүү жыйынында ички коопсуздук операцияларынын негизинде 2021 -  жылдын апрель айында элет жерлерине 9 341 операция жүргүзүлгөндүгүн анын ичинен 9зу чоң масштабдуу, 34тү орто масштабдуу болгондугун жана террордук уюмдардын шаарларда иш алып барган клетке түзүлүшү жана кызматташуучуларына карата 418 операциянын жүргүзүлгөндүгүн белгиледи.

Исмаил Чатаклы : «Апрель айында жалпы 115 террорист таасирсиз абалга келтирилди.  Алардын ичинен 8 террорист жогорку башкаруучулары, 16сы өлүү, 2сү жаралуу, 72си тирүү, 25ши өздөрү багынды. Таасирсиз абалга алып келинген террористтерден 66сы ПКК/КЖК, 49зу ДЕАШтын мүчөлөрү. Өзгөчө террордук уюмдарга жардам берген жана уюмдар менен байланышы болгон 2 527  шектүү камоого алынып, 448 киши камалды»,- деди.

 

 



Тектеш кабарлар