15 өлкөдөн келген жүргүнчүлөрдөн ПЦР тестти талап кылынбайт

Ковид-19га байланыштуу чет өлкөдөн Түркияга келген жүргүнчүлөр учуудан 72 саат мурун алган ПЦР тесттин тапшырышы керек.

1632457
15 өлкөдөн келген жүргүнчүлөрдөн ПЦР тестти талап кылынбайт

Коронавирустук (Ковид-19) чаралардын алкагында буга чейин чет өлкөдөн келген жүргүнчүлөр үчүн милдеттүү болгон ПЦР тестти 15-майдан тарта 15 мамлекеттин жүргүнчүлөрүнөн талап кылынбайт.

Ковид-19га байланыштуу чет өлкөдөн Түркияга келген жүргүнчүлөр учуудан 72 саат мурун алган ПЦР тесттин тапшырышы керек.

Жаңы чечим менен бирге 15 мамлекеттен келген жүргүнчүлөрдөн ПЦР тестти талап кылынбайт.

Түрк аба жолдорунун (THY) расмий сайтындагы 'Түркияга саякат' бөлүмүндөгү билдирүүдө: «2021-жылдын 15-майынан тарта Гонконг автономиялуу районунан жана Кытайдан, Тайвандан, Вьетнамдан, Австралиядан, Жаңы Зеландиядан, Сингапурдан, Таиланддан, Түштүк Кореядан, Израилден, Япониядан, Британиядан, Латвиядан, Люксембургдан, Украинадан жана Эстониядан Түркияга келген адамдардан өлкөгө киргенде ПЦР тестти талап кылынбайт»,- деп маалымдалды.



Тектеш кабарлар