Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу афган кесиптешине чың ден соолук каалады
Афганистандын тышкы иштер министри Ханиф Атмар түрк дарыгерлерине ыракмат айтты.
1631317
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Ковид - 19 дарылоосу аяктаган Афганистандын тышкы иштер министри Ханиф Атмарга соцтармактан чың ден соолук каалады.
Мевлүт Чавушоглу твиттерден берген маалыматында : «Толугу менен айыкканыңыз үчүн кубанычтуумун. Жакында жолугушууну, элибиз жана аймагыбыз үчүн маанилүү маселелерди талкуулоону улантабыз деп ойлойм»,- деп билдирди.
Атмар Ковид - 19дан дарылануусунун аяктагандыгын жана тест жыйынтыктарынын негативге айлангандыгын билдирип, дарылануу үчүн түрк дарыгерлерине ыракмат айтты.